“Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча учурдагы келишимге карабастан, гуманитардык жардам Газага жетишсиз көлөмдө жетип жатат жана жердеги катастрофалык кырдаал сакталууда” — деп билдирди БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо боюнча кеңсесинин (OCHA) өкүлү Йенс Лерк.
Лерк, келишимден бери Газага гуманитардык жардамдын жеткиликтүүлүгү бир аз жакшырганын, көбүрөөк азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүүгө мүмкүндүк бергенин, бирок ал жетишсиз бойдон калганын белгиледи. «Биз жок дегенде бир миллион адамга азык-түлүк жеткире алдык жана баш калкалоочу жай материалдарын, сууну, дары-дармектерди жана башка жардамдарды жөнөтүп жатабыз. Бул оң тенденция, бирок ал өтө жай. Көптөгөн тоскоолдуктар сакталып калууда. Бүгүнкү күндө Газада иштөө кумда чуркоого окшош — биз Израил бийлиги киргизген чектөөлөр мүмкүндүк бергенден тезирээк иш-аракет кылгыбыз келет», — деп баса белгиледи.
