Джоан Роулингдин биринчи басылып чыккан «Гарри Поттер и философский камень» китеби 34,5 миң долларга сатылган. Бул тууралуу CNN телеканалы маалымдады. Сатуу аукцион аркылуу Hansons үйүндѳ болду. Басылмада эки редакциялык ката бар, ал эми биринчи сатыкта 1997-жылы китеп 1.20 доллар эле.
Ал китеп текчеде 20 жыл жаткан. Кожоюн акча топтоп, оңдоону пландаган. Ал атайын адисти чакырып келгенде үч коробка китептердин арасынан биринчи чыгарылыштагы «Гарри Поттер» китеби табылган.
Джоан Роулинг жаш сыйкырчы тууралуу жети китепти 1997- жылдан 2007жылга чейин жазган. Аларды 65 тилге которгон. Ал эми жалпы тиражы 400миллион кѳчүрмѳдѳн ашкан.
31-июлда Гарри Поттердин тулган күнүн майрамдашты. 2019-жылы Роулинг 54 жашка чыгат, адабий каарманы 39 жашка келет.
Июль айынын башында Поттер тууралуу телесериал иштери башталган. Аны жаңы стримингалык студияда ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул жерде Джоан Роулингдин китебинин негизинде приквел тасмасы жѳнүндѳ сѳз болуп жатат.
Окуя Хогвартсенин сыйкырчылык мектебинде жана кээ бир европа ѳлкѳлѳрүндѳ болот.