Воскресенье, 7 декабря

Шайлоо — 2025. Эл аралык байкоочулардын саны 300гө жакындады

0

Борбордук шайлоо комиссиясы 12-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 170 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКнын токтому менен эл аралык байкоочу катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:

— Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;

— Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;

— Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын;

— Египет Араб Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын;

— Ислам кызматташтык уюмунун;

— Кыргызстандагы Кытай элчилигинин;

— Кыргызстандагы АКШ элчилигинин;

— Кыргызстандагы Япониянын элчилигинин;

— Кыргызстандагы Венгриянын элчилигинин;

— Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчилигинин;

— ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун;

— КМШнын байкоочулар миссиясынын;

— Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын;

— ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын;

— КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын;

— ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү.

Ошентип, БШК бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 297 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз