Четверг, 11 июня

Бишкекте УКМКнын маңдайындагы үй өрттөндү

0

Бүгүн таң эрте Бишкекте УКМКнын иамаратынын маңдайындагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин саат 6:20дан тарта шаардык өрт өчүрүү бөлүктөрүнөн жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Көп кабаттуу үйдөн 50 жашоочу коопсуз жайга эвакуацияланган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен 08:50дө чектөөгө алынып, учурда өрт өчүрүлдү. Тилсиз жоо болжол менен 800 чарчы метрди каптаган.

Тилсиз жоодон эки адам жабыркап, учурда алардын абалы туруктуу деп бааланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз