1992-1995-жылдардагы Босния согушунда жакындарын снайперлердин огунан жоготкон Сараево шаарынын тургундары күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.
Бул маселе Италиянын Милан прокуратурасы Босния согушу учурундагы «снайпердик туризм» тууралуу билдирүүлөр боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан учурда кайрадан козголду.
Босния жана Герцеговинанын борбору үч жарым жыл бою серб күчтөрү тарабынан курчоого алынган. Бул убакыттын ичинде 11 500дөн ашык жай тургун, анын ичинде 1600дөн ашык бала каза болгон.
Сараево тургундары көчөдөн өтүп баратканда же ал тургай эшикти ачып жатып өмүрүн тобокелге салышкан.
Батыш Европадан, айрыкча Италиядан серб аскерлерине кошулуп, жай тургун жарандарды атып өлтүргөн бай адамдар тууралуу маалыматтар 1995-жылы эл аралык маалымат каражаттарында «Сараеводогу снайпер сафариси» сыяктуу аталыштар менен пайда болгон.
