Четверг, 11 июня

Ош базарында арзан эт саткан жер ачылды

0

Бишкек мэриясы Ош базарында кошумча арзандатылган эт сатуу пунктун ачты. Анда эттин баасы килограммына 660 сомдон ашырылбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, күн мурун Бишкек мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы борбордогу Аламүдүн жана Ош базарларына рейддерди өткөрүшкөн.

Текшерүүгө мэрдин биринчи орун басары Мирлан Байгончоков жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов барган. Ошондой эле рейдге жогоруда аталган кызматтын Бишкек шаары боюнча адистери, ветеринардык кызматтын өкүлдөрү, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары, ошондой эле Свердлов жана Ленин райондорунун акимдеринин биринчи орун басарлары да катышкан.

Рейддин жүрүшүндө эттин баасына коюлган чектөөлөрдү так сактоо зарылдыгы түшүндүрүлүп, бааны негизсиз көтөргөндөргө мыйзам чегинде чара колдонулары эскертилген.

Бул иш-чаралар Экономика жана коммерция министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн “Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” буйругунун негизинде аткарылууда деп белгиленет маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз