БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону утурлай шайлоочулардын тизмесин жарыялады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмеси “Тизме» https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырылды.
Тизме Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтардын негизинде президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлдү.
Шайлоочулардын биротоло тизмелери 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо тилкелеринде илинет.
Тизмеге 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди:
— эркектер – 2 млн 81 миң 514, же 48,47%;
— аялдар – 2 млн 212 миң 729, же 51,52%.
Жашы боюнча:
— 18 жаштагылар – 104 миң 693, же 2,44%:
— 19-35 жаштагылар – 1 млн 707 851, же 39,77%
— 36-45 жаштагылар – 923 миң 975, же 21,52%
— 46-55 жаштагылар – 650 миң 851, же 15,16%
— 56-65 жаштагылар – 528 миң 771, же 12,31%
— 66 жаштан жогоркулар – 378 миң 102, же 8,80%.
Шайлоочулар тизмеден өздөрүн төмөнкүдөй жолдор менен тактаса болот:
— 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
— шайлоо тилкесине барып;
— “tizme.gov.kg” сайтында;
— же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо тилкесинин номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.
