Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, эртең Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +13… +18, Талас облусунда +11… +16, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +15… +20, Ысык-Көл облусунжа +6… +11, Нарын облусунда +4… +9 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +16… +18 градусту түзөт.
