Воскресенье, 7 декабря

Өлкөдө сасык тумоого байланыштуу карантин киргизилиши мүмкүн

0

Өлкөдө сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын күчөшүнө байланыштуу карантин киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу 2-декабрда сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо боюнча ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 24-30-ноябрь аралыгында оорулардын 37 068 учуру катталып, бул өткөн жумадагы көрсөткүчтөн 2,5 эсеге көп болгон.

Мындан улам Бишкек шаарында 25ке жакын, ал эми Чүй облусунда 40ка жакын бала бакча убактылуу жабылып, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн окууга өттү.

Учурда ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалып, райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Агартуу министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү. Ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди.

«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна алдын алуу иштерин бала бакчалар жана мектептер арасында гана эмес, соода борборлорунда, айрыкча балдар ойноочу жайлары бар жерлерде күчөтүү сунушталды. Оорунун интенсивдүү өсүшү сакталган учурда балдар көп чогулган жерлерде убактылуу чектөө жана карантиндик чараларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз