Воскресенье, 7 декабря

Кыргыз кол өнөрчүлөр Өзбекстандагы жарманкеге катышты

0

Кыргызстандык туристтик компаниялардын делегациясы Туризм департаментинин директорунун орун басары Малика Молтоеванын жетекчилигинде Ташкентте болуп өткөн «Жибек жолундагы туризм» TITF–2025 эл аралык туристтик жарманкесине катышты.

CAEx эл аралык көргөзмө борборунда уюштурулган «Кыргызстан» стендинде Info Service Company, Nomad Store, Asia Tour KG, Eco Nomad, Alay Travel, Jyrgalan DMO, Silk Way Travel, DMO Karakol, Issyk-Kul Oriental жана Sun Rise Osh сыяктуу компаниялар өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири тааныштырышты.

Ошондой эле кыргыздын улуттук кийимдери, зергерчиликтен кийиз өнөрүнө чейинки кол өнөрчүлүк буюмдары, ар түрдүү сувенирлер жана улуттук дасторкондун даамдуу тамак-аштары коноктордун назарын буруп, чоң кызыгуу жаратты.

Каракол шаардык туристтик департаментинин өкүлү Нурбек Асеков бул жарманкенин мааниси чоң экенин белгилеп: «Ярмарка туристтик продуктуларды жайылтууга, жаңы кызматташтыкты түзүүгө жана эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болот. Акыркы жылдары өлкөгө туристтердин агымы кыйла көбөйгөнү — биздин туура саясаттын жемиши», — деди.

TITF–2025 программасына 300дөн ашуун компания катышты. Жарманкенин алкагында 30 мамлекеттен келген 200дөн ашык ашпозчу катышкан эл аралык кулинардык чемпионат, журналисттер жана блогерлер үчүн «Media Campus» аянтчасы, ошондой эле авиация, билим берүү, экология жана зыярат туризми боюнча тематикалык форумдар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар, тегерек столдор жана туристтик кызматтар менен улуттук кол өнөрчүлүктүн презентациялары сунушталды.

Жарманкени КМШ, Азия жана Европа өлкөлөрүнөн 15 миңге жакын конок барып көрдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз