Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 4-декабрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Ага ылайык, эртең Талас, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан, Чүй жана Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +11… +16, Талас облусунда +8… +13, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +8… +13, Ысык-Көл облусунда +4… +9, Нарын облусунда +1… +6 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +12… +14 градусту түзүп, ала-булут каптап турат.
