2019-жылы кыргыз мамлекетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков Ташкентке барганда Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүү тууралуу макулдашууга кол коюлган.
Өзбекстан Кыргызстанга бере турган 100 миллион доллар боюнча чечим быйыл күзүндө кабыл алынат. Бул тууралуу маалымат булактарына экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.
Министрдин айтымында, шарттар азырынча белгилене элек. Маселе сентябрь айына пландалып жаткан кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында каралат.
«Шарттар азырынча белгисиз. Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында чечилет. Былтыр эки президент сүйлөшкөндө ушундай сунуштар болгон. Жеке секторго, ар бир ишкердин жеке кепилдигине карата берилет», -деди ал.
Маалыматка караганда, эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты, инвестицияны 500 миллион, 1 миллиард долларга чейин көбөйтүү максаты коюлган.
Экономика министрлиги бул акча Өзбекстандан товар ташып келе турган ишкерлерге коммерциялык банк аркылуу берилерин, өкмөт жоопкерчилик албасын айткан.