Воскресенье, 24 ноября

АКШга Кытайдын жообуу

0

Пекин, АКШ кытай товарларына болгон бааны жогорулатса, жооп кайтарууга даяр экенин жарыялады.  Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Жакында   АКШнын президенти Дональд Трамптын Кытайдан импорттолгон 300 миллиард долларлык товарга 1-сентябрдан тарта 10 пайыздык кошумча салык киргизүү чечимин жарыялаган. 

Кытай Тышкы иштер министрлигинин ѳкүлү Хуа Чуньин: «Кытай дайыма соода согушунда жеңүүчү жок деп эсептеп келген. Бирок биз согушкубуз келбей.Бирок согушуудан коркпойбуз. Кытай ар кандай басым, коркутуу же шантажды кабыл албайт»,-деди.

 Moody’s эксперттик агенттигинин адистери АКШнын мындай кадамы дүйнѳлүк экономикага терс таасирин тийгизээрин кабарлайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз