2025-жылдын 1-сентябрынан тарта Казакстан жарандары үчүн Кыргызстандын аймагында жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлү Мелис Памиров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңы эрежеге ылайык эми Казакстандын жарандары өлкөгө 90 күндөн кийин визасыз кире алышпайт.
“Тагыраагы, буга чейин Казакстандан келген жарандар 90 күндөн кийин өлкөдөн чыгып, кайра кире алышчу. Азыр алар каттоосуз кире алышпайт. Казакстандык жарандар Кыргызстанда алгачкы 30 күн ичинде каттоодон өтүүдөн бошотулат. Эгерде өлкөдө 30 күндөн ашык калууну пландаштырса, анда жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек”,-деди ал.
Мелис Памиров белгилегендей, бул чаралар эл аралык практикага шайкеш келип, миграциялык процесстерди жөнгө салууга багытталган.
