Бишкек шаарында дагы 3 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Белгиленгендей, бала бакчалар Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун көрсөтмөсүнүн негизинде жабылган.
Карантин учурунда ата-энелер балдарды эл көп чогулган жайларда алып барбай, толук айыктырып, дени сак бакчага алып келүүсү зарыл экендиги маалымдалган.
Эскерте кетсек, оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу буга чейин 3-декабрда борбордогу 25, ал эми Чүй облусунда 40 бала бакча карантинге жабылган. Ал эми Ош облусунда 5 мектеп онлайн окууга өткөн.
