Четверг, 11 июня

«Тазалыкта» пакистандыктар иштей баштады — Себеби

0

«Тазалык» муниципалдык ишканасында жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен улам Пакистандан жумушчулар тартылып жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Жолдошбек Чуштуков билдирди.

Анын айтымында, бул ишканадагы учурдагы эң олуттуу маселелердин бири.

«Таштанды жүктөөчүлөр жана айдоочулар жетишпей жатат. Ошондуктан биз аргасыздан чет элдик жумушчуларды тартууга өттүк. Учурда Пакистандан 10 жаран келип, иштеп жатышат. Ал жакта биз койгон талаптарга ылайык кызматкерлерди тандап беришет. Биз болсо аларды бардык керектүү текшерүүдөн өткөрүп, виза маселесин чечип беребиз. Кыргызстанга келгенден кийин документтерин тууралап, жумушка кабыл алабыз»,- деди Чуштуков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз