Воскресенье, 19 апреля

Реновация боюнча мыйзам долбоору даярдалды

0

Реновация боюнча мыйзам долбоору даяр, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосун күтүүдө. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 1960-1970-жылдары курулган, колдонуу мөөнөтү бүтүп калган турак жайлар бар.

“Долбоор биринчи кезекте жарандардын укуктарын жана каалоолорун эске алат. Ошондой эле инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого багытталган”, — деп баса белгиледи министр.

Орунтаев долбоорду ишке ашыруу эскирген имараттарды акырындык менен заманбап жана коопсуз имараттар менен алмаштырып, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртып, кыймылсыз мүлк тармагында кошумча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз