Европа Биримдигинин лидерлери Украинанын 2026–2027-жылдардагы каржылык муктаждыктарын тоңдурулган орусиялык активдерди колдонуунун ордуна, 90 миллиард евро биргелешип насыя алуу аркылуу жабууга макул болушту.
Европа Кеңешинин төрагасы Антонио Коста жана Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен бул тууралуу Брюсселдеги Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитинен кийинки биргелешкен басма сөз жыйынында билдиришти.
«Бүгүн биз Украинага кийинки эки жылда 90 миллиард евро берүү чечимин бекиттик. Биз Украинага Европа Биримдигинин бюджети менен камсыздалган насыя беребиз. Бул насыя Украинанын шашылыш каржылык муктаждыктарын жабат жана Украина аны Орусия репарация төлөгөндөн кийин гана кайтарып берет», — деди Коста.
