Четверг, 11 июня

Каракол – Эңилчек унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды

0

Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун 82-85-чакырымдагы Чоң-Ашуу ашуусунун 3 жерине болжол менен жалпы көлөмү 10 983 метр куб кар көчкү түшкөн.

Учурда жеринде №11 ЖТИден 2 бульдозер тартылып, тазалоо жана кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө.

Жогоруда аталган унаа жолу Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2025-жылдын 19-декабрындагы тескемесинин негизинде 2025-жылдын 19-декабрынан 22-декабрына чейин убактылуу жабылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз