Жакында Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда аскердик кыймыл жүргүзүлө турганын жарыялады. Ѳлкѳ башчы бул тууралуу, Бурсанын оорукана шаарчасы менен Стамбул-Измир автожолунун бирге ачылышында айтты. Сунушталган кыймылдын башталыш убактысы жөнүндө так маалымат жок.
Эрдоган: «Мындан мурда Афринге, Жераблуска, Эл-Бабга кирдик. Эми болсо Евфраттын чыгыш жагына киребиз. Биз муну Орусия жана АКШга билдирдик. Чек ара аймактарында ок атуулар болуп жатса үн катпай калуубуз мүмкүн эмес. Биздин ѳлкѳнү бута катары тандап алган ФЕТО, ИГИЛ жана Курдистан жумушчу партиясы болгон террордук топтор менен күрѳшүүнү улантабыз»,-деди.
Учурда Ефратананы чыгыш тарабы курд ѳзүн-ѳзү коргоо бѳлүмдѳрүнүн кѳзѳмѳлүндѳ.
Буга чейин Түркиянын куралдуу күчтѳрү Сирияда, Афин шаарында аскердик кыймылын ишке ашырган.