Четверг, 11 июня

Путин Борбор Азиянын лидерлерин мактады

0

Лев Толстой атындагы Тынчтык сыйлыгына ээ болгон Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн лидерлери — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев — башкаларга үлгү болууга татыктуу. Мындай ишенимин сыйлыкты тапшыруу аземинде куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп жатып Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин ТАСС жазды.

Мамлекет башчылары бул сыйлыкты 1990-жылдардан бери аталган өлкөлөрдүн ортосундагы мамилени курчутуп келген чек ара маселелерин жөнгө салгандыгы үчүн алышты.

«Бизде сыйлык ээлерин куттуктоого жакшы себеп бар. Сиздерден үлгү алабыз», — деди Путин.

Россиянын лидери лауреаттарга «тынчтыкка жана өз ара түшүнүшүүгө кызмат кылуу сыяктуу асыл миссияларында мындан аркы ийгиликтерди», ал эми Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын элдерине «туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү» каалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз