Четверг, 11 июня

Дүйнөдө кайсыл эл эң акылдуу экени аныкталды

0

World of Card Games журналы жүргүзгөн акыркы изилдөөгө ылайык, дүйнөдөгү эң акылдуу өлкө — Швейцария деп табылды.

Маалыматка караганда, Швейцария 100 баллдык шкалада 92.02 балл алып, алдыңкы орунду ээледи. Изилдөөдө бул өлкөдө 1 миң 99 Нобель сыйлыгына талапкер бар экени жана калктын орточо IQ көрсөткүчү — 99,24 экени белгиленген.

Мындан сырткары, швейцариялыктардын 40,02% кеминде бакалавр даражасына ээ болсо, 18,05% магистр же андан жогорку билимге ээ. Бул көрсөткүчтөр боюнча да өлкө алдыда.

Улуу Британия экинчи орунду ээледи. Бул өлкөдө 2 миң 393 Нобель сыйлыгына талапкер катталган. Калктын 39,59% бакалавр, 14,37% магистр даражасына ээ, ал эми орточо IQ — 99,12.

АКШ үчүнчү орунду ээледи — 89,18 балл. Бул өлкөдө 5 миң 717 Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн адам жана 256 университет бар, бул дүйнө боюнча эң жогорку көрсөткүч. АКШда чоңдордун 38,57% бакалавр, 14,79% магистр даражасына ээ. Орточо IQ — 97,43.

Нидерланддар 87,3 балл менен төртүнчү орунда турат. Бул өлкөнүн орточо IQ көрсөткүчү — 100,74, ал эми тургундардын 36,63% жогорку билимге ээ.

Бельгия 86,58 балл менен бешинчи орунда. Орточо IQ — 97,49.

World of Card Games негиздөөчүсү Хольгер Синдбектин айтымында, мындай көрсөткүчтөр билим берүү сапаты, жогорку окуу жайларынын деңгээли жана жалпы жарандардын билим деңгээли менен тыгыз байланыштуу.

Мисалы, Швейцариянын алдыңкы орунду ээлеши — өлкөнүн көлөмүнөн эмес, сапаттуу жана натыйжалуу саясаттан кабар берет. Европа өлкөлөрүнүн жалпы күчтүү көрсөткүчтөрү да билимге инвестиция узак мөөнөттүү пайда алып келерин далилдейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз