Четверг, 11 июня

Касымалиев: Келе жаткан жылы 30дан ашык мектеп курулат

0

Эмки жылы 30дан ашык мектеп курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Адылбек Касымалиев президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы өлкөдө курула турган мектептердин тизмесин атады:

  • — Бишкек шаары – 20 мектеп,
  • — Ош – 10 мектеп,
  • — Манас шаары – 6 мектеп.

Өлкө аймагындагы авариялык абалдагы мектептер толугу менен ремонттолуп, жаңыланат.

“Бишкекте 2023-жылы 15 мектеп курулду. Андан бери бир нече мектептер салынды. Бирок, бул да борбор калаага жетишсиз болууда”, — деди минкаб жетекчиси.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз