Четверг, 11 июня

Бишкек мэриясынын автобустарынын саны айтылды

0

Бишкекке 105 жаңы автобус алып келинип, шаардагы автобустардын жалпы саны 1 миң 628ге жетти. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров билдирди.

Анын айтымында, бул автобустар 2026-жылдан тарта толугу менен каттамга чыгарылат.

“Азыркы тапта күн сайын орточо 1 миң 200 автобус каттамдарга чыгып, элге кызмат көрсөтүп жатат. 2026-жылы ААРдин курамына кирген жаңы конуштардагы тар көчөлөр үчүн узундугу 7 метр болгон автобустар алып келинет. Анткени 12 метрлик ири автобустар ал жерлерге батпайт”, — деди Капаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз