Четверг, 11 июня

Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

0

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Сосновка постунан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү эскертет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз