Четверг, 11 июня

Трамп менен Зеленский эртең Флоридада жолугат

0

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-декабрда Флоридада Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу боюнча тынчтык планын талкуулоо үчүн жолугушат.

Axios веб-сайтына берген маегинде америкалык жана украин расмий өкүлдөрү Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу үчүн бир топ убакыттан бери иштелип чыгып келе жаткан тынчтык планы боюнча комментарий беришти.

Украина расмий өкүлдөрү Трамп Зеленскийди 28-декабрда Флоридадагы Мар-а-Лаго конушунда кабыл алаарын, ал жерде эки лидер тынчтык планын талкуулай турганын жарыялашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз