Четверг, 11 июня

Тарых музейинде “Улут деми — Уңгу жол” гобелени илинди

0

Улуттук тарых музейинде “Улут деми — Уңгу жол” аталган өлкөдө алгачкы жолу ири масштабда жазылган гобелендин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Маалымдалгандай, гобеленди жаратуу ушул жылдын январь айында башталып, дээрлик 10 айды талап кылган. Бул Кыргызстанда көп улуттуу коомдун биримдигин жана ынтымагын даңазалаган декоративдик колдонмо искусствонун монументалдык чыгармасы болуп саналат. Композицияда өлкөбүздүн тарыхы, бүгүнкү күндөгү турмушу жана келечекке болгон үмүтү өз ара жуурулушуп көркөм образ аркылуу чагылдырылган.

Гобелендин автору КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Анара Искакова бул эмгекти аткаруучу топ менен биргеликте жаратышкан. Ошондой эле аталган гобеленди аткарууга КР эл сүрөтчүсү Кадыркул Орозматов өзүнүн зор салымын кошкон.

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов гобеленди орнотуу менен өлкөнүн маданий турмушунда өзгөчө мааниге ээ болгон тарыхый окуяга күбө болуп жаткандыгыбызды белгиледи.

“Бул чыгарма монументалдык искусствонун бир символу. Бүгүн биз Кыргызстандын маданий турмушунда өзгөчө мааниге ээ болгон тарыхый окуяга күбө болуп турабыз. Бул гобелендин атын президент Садыр Жапаров “Улут деми — Уңгу жол” деп атап, IV Элдик курултайдын алкагында расмий бет ачары болду. Ал эми бүгүн Улуттук тарых музейинин эң ардактуу төрүнө илинүүдө. Бул чоң эмгекти жаратууга биздин ондогон чеберлерибиз катышып, иш 10 айга уланды. Гобеленди жаратууга маданиятка эмгек сиңирген ишмер Анара Искакова менен КР эл сүрөтчүсү Кадыркул Орозматов чоң эмгегин жумшашты”, — деди Байсалов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз