Флоридада үч саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин, АКШ жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский Орусия менен тынчтык орнотууга олуттуу жетишкендиктерин билдиришти. Бирок, негизги маселе чечиле элек: Путин — Донбассты талап кылуу, Зеленский — каршы, ал эми Трамп келишимге жетишүүнү максат кылууда. Бул жолу Америка жана Украинанын президенттери бир нече жума жөнүндө сүйлөшүп жатышат, андан кийин тынчтык келишиминин параметрлери бир топ айкын болот.
“Украина жана АКШнын сүйлөшүү топтору тынчтык планынын үстүндө иштөөнү улантууда. Жумуштун токсон пайызы бүттү” — деди, Украинанын президенти Владимир Зеленский.
«Биздин топтор колубуздан келгендин баарын жасап жатышат. Акыркы айларда сүйлөшүүлөрдө ийгиликтерге жетиштик. Сизге (Дональд Трампка) бардык аракеттериңиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Эбегейсиз көп жумуш аткарылды. Ар кандай документтер, маанилүү документтер талкууланып жатат. Биргелешип, мүмкүн болушунча тезирээк тынчтыкка жетише алабыз деп үмүттөнөм», — деди Украинанын президенти.
Ал Европа дагы тынчтыкка жетүү үчүн олуттуу аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.
«Биздин командалар пландалгандай иштеп жатышат. Атап айтканда, Украинаны кайра куруунун каржылык аспектилери жана андан аркы пландар боюнча — этап-этабы менен стратегиялык прогресске жетүү. Согушту токтотуу, тынчтыкты камсыз кылуу жана андан кийинки бардык кадамдар боюнча. Биз 20 пункттан турган планды талкууладык. Биздин командалар бул иштин 90%ын аткарышты», — деп белгиледи Зеленский.
