Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Путиндин резиденциясына түн ичинде дрон менен кол салды деген билдирүүсүн четке кагып, “Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатат”, — деп билдирди.
«Биз жаңы эле Орусиядан президент Трамптын командасы менен биргелешкен ишибиздин бардык жетишкендиктерин бузууга багытталган абдан кооптуу билдирүүлөрдү уктук. Биз тынчтыкты жакындатуу үчүн биргелешип иштеп жатабыз», — деп белгиледи ал.
Анын айтымында, «орустар Орусия президентинин кайсы бир резиденциясына кандайдыр бир сокку уруу тууралуу жалган окуяны ойлоп табышкан, ошондуктан аларда Украинага, айрыкча Киевге сокку урууну улантууга жана согушту токтотуу үчүн зарыл болгон кадамдарды жасоодон баш тартууга шылтоо болмокчу».
Мурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина түнкүсүн Новгород облусунун түндүк-батышындагы президенттик резиденцияга пилотсуз учак менен сокку урганын жарыялаган. Тышкы иштер министри Москва Украинанын Орусиянын президенттик резиденциясына сокку урганынан кийин «тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн» баш тартууну көздөбөй турганын белгиледи.
