«Өзбекстан–2030» өнүгүү стратегиясынын жаңыланган долбоорунда өлкөнүн экспорт көлөмүн олуттуу көбөйтүү каралган. Бул тууралуу коомдук талкууга коюлган документ Lex.uz сайтында жарыяланган.
Стратегияда 2026–2030-жылдар аралыгында тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталып, экспорттун көлөмүн арттыруу, экспорттоочу ишканалардын санын көбөйтүү, чет мамлекеттерге жөнөтүлүүчү даяр жана технологиялык продукциянын үлүшүн жогорулатуу, эл аралык стандарттарды киргизүү жана улуттук бренддерди дүйнөлүк рынокто илгерилетүү чаралары каралган.
Документке ылайык, өлкөнүн экспорттук көрсөткүчү 2026-жылы 40 млрд долларды түзүп, 2027-жылы 45 млрд долларга, 2028-жылы — 52 млрд долларга, 2029-жылы — 60 млрд долларга чейин өсүп, 2030-жылдын аягында 67 млрд доллар деңгээлине жетери күтүлүүдө.
