Четверг, 11 июня

Иранда нааразылык акциялары күч алды

0

Ирандагы адам укуктары боюнча активисттердин маалымат агенттигинин (HRANA) билдирүүсүнө ылайык, Ирандагы нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны кеминде 65ке жетти.

Бирок айрым маалымат булактары,, Тегеранда эле ооруканаларда 200дөн ашык сөөк жатканы, каза болгондордун көпчүлүгү октон алган жаракаттар экени кабарланды.

Time бул сандардын тактыгын көз карандысыз түрдө текшере албастыгын моюнга алат, бирок HRANA аныкталган өлүмдөрдү гана эсептей турганын белгиледи.

Нааразычылык акциялары 31 провинцияда, 180 шаарда жана 512 жерде өттү; натыйжада 50 нааразычылык акциясынын катышуучусу, 14 укук коргоо жана коопсуздук кызматкери жана бир жарандык өкмөт кызматкери каза болду.

Иранда декабрь айынын аягынан бери нааразычылык акциялары блууда; мунун негизги себеби Иран риалынын наркынын кескин төмөндөшү жана экономикалык шарттардын начарлашы болду.

Наразычылык акциялары 28-декабрда Тегерандын Чоң базарынын жанында башталып, кийинчерээк бир нече шаарга жайылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз