“Иран согушка да, диалогго да даяр”, “ деп билдирди тышкы иштер министри Аббас Арагчи Ирандын мамлекеттик телеканалында.
Ирандын тышкы иштер министри АКШнын президенти Дональд Трамптын Тегеран Вашингтонго өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү сунуштоо менен кайрылгандыгы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Министр өлкөдөгү кырдаал уланып жаткан башаламандыктарга карабастан «көзөмөлдө» экенин белгиледи.
Арагчинин айтымында, Иран бийлигинде «АКШ менен Израилдин башаламандык уюштургандардын террористтик аракеттерине катышканын далилдеген документтер бар».
«Батыш өлкөлөрү террористтерди айыптагандын ордуна, биздин полицияны айыптап жатышат. Алар Газа тилкесинде 70 000ден ашык адамдын геноцидин жана АКШ менен Израилдин колунан 1000ден ашык ирандык жарандын өлүмүн айыптай алышкан жок, бирок бүгүн алар Ирандагы террористтерди колдоп жатышат», — деп баса белгиледи Арагчи.
