SHNR адам укуктары уюму, 18-январда YPG/SDG террордук уюму 22 жай тургунду өлтүргөнүн билдирди.
Билдирүүгө ылайык, топтун мүчөлөрүнүн чабуулдарынан каза болгондордун арасында үч бала болгон.
Анда жай тургундардын курмандыктарынын жарымынан көбү террордук уюмга байланышы бар снайперлердин бутага алган ок атууларынын натыйжасы болгону баса белгиленген. Тактап айтканда, 22 адамдын 12си YPG/SDG снайперлеринин огунан каза болгон.
Билдирүүдө жай тургундарга жасалган чабуулдар айыпталып, Сирия бийлигин жана тиешелүү эл аралык уюмдарды окуя боюнча көз карандысыз жана ачык иликтөө жүргүзүүгө чакырат.
Мурда Сирия армиясы баштаган операциялардын жүрүшүндө Ракка жергиликтүү тургундардын жана уруулардын колдоосу менен YPG/SDG көзөмөлүнөн бошотулганы кабарланган.
