Бишкекте “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоо менен байланышкан оор жана татаал иштерди иликтөөдө финансылык чалгындоону далил катары колдонуу” темасында регионалдык семинар өттү.
Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, иш-чара Европа Бирлигинин “Уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча ЕБ аракеттери” долбоору менен биргеликте уюштурулду.
Семинарга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн финансылык чалгындоо, укук коргоо жана сот органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө финансылык чалгындоонун материалдарын кылмыш иштери боюнча иликтөөлөрдө колдонуу, параллелдүү финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү, кылмыштуу активдерди аныктоо, камакка алуу жана конфискациялоо, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарды сактоо менен эл аралык кызматташтык жана өз ара укуктук жардам көрсөтүү маселелери каралды.
Семинардын программасына эксперттик баяндамаларды талдоо жана интерактивдүү талкуулар киргизилип, бул катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана Борбордук Азия регионундагы актуалдуу чакырыктарды кароого мүмкүнчүлүк берди.
Иш-чаранын алкагында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Бакытбек Алишеров EU-ACT долбоорунун регионалдык координатору Каспарс Валпетерис жана Европа Бирлигинин ККЛ/ТК боюнча Глобалдык демилгесинин долбоорунун жетекчиси Дэвид Хотт менен жолугушуп, анда мындан аркы кызматташтыктын келечеги талкууланып, биргелешкен демилгелер боюнча пландар белгиленди.
