Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу Бахрейндеги АКШнын бешинчи флотунун штаб-квартирасына учкучсуз учак менен кол салуу болгонун жарыялады. Ислам революциясынын сакчылар корпусу бул операцияны Ирандын түштүгүндөгү Американын аба чабуулдарына түз жооп деп мүнөздөдү.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу шаршемби күнү эрте менен аймактагы аба жана деңиз базаларын камтыган Американын 21 аскердик бутасын атканын билдирди.
Мамлекеттик маалымат каражаттарында орун алган Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүндө, эгерде АКШнын аскердик операциялары улана турган болсо, мындан да оор чаралардын көрүлөрү эскертилди.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу Түштүктөгү Бушер провинциясынын үстүнөн учкан Американын MQ-9 Reaper учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдирди.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу Кувейттеги Али Аль-Салем аба базасына дрон менен чабуул жасаганын жарыялады.
Кийинчерээк Кувейттин куралдуу күчтөрү бул окуяны тастыктап, абадан коргонуу тутумдары душмандын абадагы буталарын ийгиликтүү жок кылганын маалымдады.
Кырдаал АКШнын Ирандын түштүгүндөгү бир катар аймактарга, анын ичинде Жаск, Сирик жана Кешм аралына жасаган масштабдуу так соккуларынан кийин күчөдү.
АКШ Иранда бир телекоммуникация мунарасы менен бирге 20 бутаны атты.
Иран медиасынын билдиргенине караганда, кагылышуулардын аймакка жайылышы менен бирге Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) Иорданиядагы «Эл-Азрак» базасына жасаган чабуулунда алыскы аралыкка атуучу ракеталарды колдонду.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ колдонгон «Эл-Азрак» базасындагы төрт аймакты бутага алганын, алардын арасында F-35 истребителдеринин ангарлары жана бир командирлик жана көзөмөлдөө борборунун бар экенин жарыялады.
Иордания армиясы ракеталар зыянсыздандырылгандан кийин сыныктардын түшкөнүн, бирок каза болгондор же кыйроолордун болбгонун билдирди.
Ошол эле учурда, АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) АКШ армиясынын Апачи тик учагынын атып түшүрүлүшүнө жооп катары Иранга каршы соккуларды аяктаганын жарыялады.
Борбордук комадирликтин билдирүүсүнө ылайык, АКШнын аба күчтөрү жана деңиз флотунун согуштук учактарынан атылган жогорку тактыктагы куралдар менен Ирандын Ормуз кысыгына жакын жайгашкан абадан коргонуу тутумдары, жердеги башкаруу станциялары жана радардык байкоочу жайлары атылды.
Билдирүүдө бул операция АКШ күчтөрүнө жана аймактагы суу жолдору аркылуу өткөн эл аралык соода кемелерине карата жасалган акыркы чабуулдарга «пропорционалдуу жооп» экени белгиленди.
АКШлык расмий өкүл алгачкы баа берүү боюнча Иран тараптан атылган ракеталардын жана учкучсуз учуучу аппараттардын дээрлик бардыгы зыянсыздандырылганын билдирди.
Мындан сырткары, расмий өкүл учурда АКШ кызматкерлеринин арасында жабыркагандар же өлкөнүн аскердик объекттеринде олуттуу кыйроолордун болбогонун билдирди.
