Орусия, Украина жана Америка Кошмо Штаттары катышкан үч тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи күнү Абу-Дабиде башталды.
Орусия, АКШ жана Украинанын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөр кечээ, 23-январдын кечинде Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борбору Абу-Дабиде башталды.
Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын президенти Дональд Трамптын Украинадагы жаңжалдын аякташына жакындап калганы тууралуу сөздөрүнө комментарий берип, иштер жүрүп жатканын жана алдыга жылганын билдирди. «Азыр Анкориджде макулдашылган формуланы ишке ашыруу абдан маанилүү», — деди Кремлдин өкүлү.
Ошол эле учурда Украинанын башкы сүйлөшүүчүсү Рустем Умеров сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүнөн кийин «жолугушуу жаңжалды токтотуу параметрлерине» жана «татыктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка карай жылуу максатында сүйлөшүү процессинин андан аркы логикасына» арналганын билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский өз кезегинде аймактык маселени жолугушуунун негизги темасы деп атады.
