Орусиянын Красноярск аймагында бир аскердик бөлүктө чыккан жарылууда 12 киши жараланды. Красноярск аймагынын Ачинск районунда жайгашкан Материалдык-техникалык камсыздоо борборунун (МТКБ) Борбордук аскер округунун (БАА) кампаларынын биринде ѳрттүн кесепетинен жарылуу болду.
Азыркы учурда Ачинск аймагына Ѳзгѳчѳ кырдаал жарыяланды. Жакынкы айылдарга жарандарды эвакуациялоо иши уланып жатканын маалымат булактар жарыялады.