Понедельник, 25 ноября

Нарында митинг болууда

0

Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Бел жайлоосунда митинг болду. Жергиликтүү эл Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы митингге чыкты. Акцияга катышуучулардын айтымында, Солтон-Сары алтын кенин иштете турган Zhong Ji Mining компаниясына каршы нааразылык акцияга чогулуп, сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүү аракети болгон. Бирок жыйынтык болбогондуктан конфликт чыгат. Эки тарап бири-бирине таш ыргытат. Бул тууралуу видеолор соц тармактарда бай-бай жарыяланды. 

Буга чейин аймактын тургундары бир нече малдардын ѳлүмүнѳ алтын кен иштетүүчү компания жүйѳлүү дешкен. Бул маселе боюнча Жерине вице-премьер Жеңиш Разаков барып, эл менен жолуккан. Окуядан кийин атайын комиссия түзүлүп, мал ичеги оорусунан улам өлүп жатканын айтып, компаниянын күнѳѳсү жок экенин билдирген.

Учурда Нарын облусундагы абал укук коргоо кызматкерлеринин кѳзѳмѳлүндѳ. Ал жакка Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусунун чыр чыккан Солтон-Сары өрөөнүнө жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз