Четверг, 11 июня

Айрым аймактарда кар жаайт

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 27-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2…+7, Талас облусунда +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көл облусунда -1…+4 градус, ал эми Нарын облусунда -4…-9 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы+5…+7 градус болушу күтүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз