Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) тарабынан шейшемби күнү жарыяланган отчетто Орусиянын Украинадагы согушу болжол менен 1,2 миллион орус жана 500 000ден 600 000ге чейин украин аскеринин жоготуусуна алып келгени белгиленди.
CSIS орус күчтөрүнүн согуш башталгандан төрт жылдан бери 325 000ге чейин жоготууга учураганын болжолдп жатат.
«Экинчи дүйнөлүк согуштан бери эч бир ири держава мынчалык көп жоготууга же өлүмгө дуушар болгон эмес», — деп билдирилген иликтөөдө орус күчтөрүнүн жоготууларынын масштабына карабастан «согуш майданында таң калыштуу даражада жай» алдыга жылып бара жатканын да кошумчалады.
Отчетко караганда Украинага таандык күчтөр да оор жоготууга учурады; 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын декабрына чейин 100 000ден 140 000ге чейин украин аскери каза болгон.
Изилдөөдө жоготуулардын көбөйүшү мүмкүн экени эскертилип, орус жана Украинанын жалпы жоготуулар «1,8 миллионго чейин, ал эми жалпы жоготуулар 2026-жылдын жазына чейин эки миллионго жетиши мүмкүн экендигин” белгиледи.
