Кыргызстанга Нипах вирусу келдиби? Адистин жообу

0

Индияда катталган Нипах вирусунун бүгүнкү күндө Кыргызстанга коркунучу жок. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө илдеттин алдын алуу чаралары күчтөндүрүлгөнү менен кооптонууга эч негиз жок.

“Нипах вирусу Индияда катталып, 5 адамдын ооруганы айтылып жатат. Ал 5 адам менен байланышта болгон 100 адам азыр байкоодо обочолонуп турат. Бул ооруну жуктуруучу жарганаттын “учуучу түлкүлөр” деп аталган түрү бизде жок. Бирок, учурда миграция күчөп, ары-бери каттаган туристтер көп болгондуктан биз алдын алуу чараларын күчтөндүрдүк. Көзөмөл-пункттарына багыттама берилип, өлкөгө келгендердин дене табы, оорунун белгилери текшерилүүдө”,- деди Оторбаева.

Негизи бул Нипах вирусу биринчи жолу 26 жыл мурда 1999-жылы Малайзияда катталып, 100гө жакын адам ооруганын дарыгер белгиледи. Маалымдалгандай, андан бери 12 жолу оору кайталанып катталган. Азыр Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул илдетти сезондук локалдык оору деп атоодо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз