Воскресенье, 24 ноября

Кыргыз ѳкмѳтү киберкоопсуздук стратегиясын 2023-жылга чейин бекитти

0

Кыргызстанда киберкоопсуздук стратегиясы 2023-жылга чейин бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге ѳкмѳт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Токтомдун максаты — жарандардын, бизнестин, мамлекеттин коопсуздук деңгээлин камсыздоо үчүн алардын кибермейкиндиктеги маанилүү кызыкчылыктарын коргогон жана улуттук экономиканы санариптик трансформациялоону камтыган киберкоопсуздук улуттук стратегиясын түзүү болуп саналат.

Коопсуздук кеңештин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы иштелип чыкты. Ал төмөнкү маселелерди ишке ашыруу боюнча кадамдарды жана көз караштарды аныктайт:

  • банктык, телекоммуникациялык, башка сервистик инфратүзүмдөрдүн, кибер коркунучтарга жооп берүү жана мониторинг жасоо борборлорунун киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн компьютердик инциденттерге жооп берүү топтору сыяктуу өз ара так ажыратылган уюмдук түзүмдөрдү түзүү;
  • компьютердик кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн укуктук жана методикалык негиз түзүү;
  • маалыматты коргоонун, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоонун улуттук системин түзүү;
  • Кыргыз Республикасынын кооптуу маалыматтык инфраструктура коопсуздугун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик эмес секторлордун киберкоопсуздугун камсыздоо тутумун түзүү;
  • киберкоопсуздук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы техникалык жана эл аралык стандартташтыруу;
  • киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн потенциалды өстүрүү жана адам ресурстарын чыңдоо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз