Воскресенье, 24 ноября

Кырсыкка учураган учактын учкучу каза болду

0

Тажикстанда АН-2 учагы кырсыкка учурап, анын бир учкучу каза таап, экинчиси жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Окуя Фахрабад шаарындагы аэроклубда болгон.

Маалыматка ылайык, учак конууга камынып, жерден 10 метрдей бийиктикте келе жаткан кезде күтүүсүздөн эле кыймылдаткычы иштебей калган жана күүсү менен жерге кулап түшкөн.

Учактын пилоттору, 62 жаштагы Илхом Рахматов менен 20 жаштагы Бахтиёр Давлататов ооруканага жеткирилип, дарыгерлер Рахматовдун өмүрүн сактап кала алган жок.

Аталган өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети окуяны иликтей баштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз