7-февралда болжол менен саат 12:30 чамасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде оор кылмыштарга айыпталган жаран каза болду.
Мекемеден билдиришкендей, абак бөлмөсүнүн ички тор эшигине өзүнүн шымына асылган абалда айыпталуучу А.К.К. табылган. Мекеменин дарыгерлери тарабынан көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардамга карабастан, айыпталуучу ошол жерде көз жумган.
Окуя болгон жерге ЖАМКнын тергөө-ыкчам тобу жана Кыргыз Республикасынын мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын өкүлдөрү биргеликте чыгып, тиешелүү иш кагаздары чогултулган. Окуя тууралуу маалымат эсеп журналына катталган.
Учурда ЖАМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, соттук өндүрүшкө чейинки текшерүү иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, айыпталуучу А.К.К. 2025-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарынын ИИББнын УКЖсынан ЖАМКнын №21 мекемесине которулуп жайгаштырылган.
Ал 2025-жылдын 30-сентябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3, 5, 7 жана 14-пункттарында каралган кылмыш боюнча кармалган.
Жети-Өгүз райондук сотунун 2025-жылдын 1-октябрындагы чечиминин негизинде камакка алуу боюнча бөгөт коюу чарасы тандалган.
Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2026-жылдын 26-январындагы чечими менен камакта кармоо мөөнөтү 2026-жылдын 29-мартына чейин узартылган.
