Бүгүн Бишкеке Тажикстандын премьер-министри келет

0

13-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга иш сапары менен келет.

Сапардын алкагында Кохир Расулзода Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Бишкек шаарындагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз