ӨКМ: Кар көчкү түшүү коркунучу бар

0

23-февралдан 26-февралга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Тактап айтканда, тоолуу райондордо, ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусу, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу, Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусу, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында, Арал-Суусамыр жолунун 8-21-чакырымдарында, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290 жана Көк-Арт ашуусу жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз