Четверг, 5 ноября

Касымалиев Жалал-Абадда жаңы курулган үйлөрдүн ачкычын тапшырды

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында «Асман Резиденс-7» турак жай комплексинин ачылышына катышып, Жалал-Абад облусундагы 16 объекттин ачылышына онлайн күбө болду. Анын ичинде Манас шаарындагы 600 батирлүү «Асман-8» жана Сузактагы 312 батирлүү «Асман-14» турак жайлары бар.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Манас шаары күн санап жаңыланып, бийиктикке карай өсүп жатканын белгиледи. Бүгүн жүздөгөн үй-бүлөлөр жаңы батирлеринин ачкычтарын алышат.

«Асман Резиденс-7» – 15 кабаттуу, 12 блоктон турган, 1065 батирлүү комплекс. Минкаб төрагасы мамлекеттик ипотекалык программа турак жайды мүмкүн болушунча жарандар үчүн жеткиликтүү кылуунун негизги жолдорунун бири экенин баса белгиледи.

Ошондой эле, Адылбек Касымалиев мамлекет башчысы Манас шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айлантуу милдетин койгонун белгиледи. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу бул максатты ишке ашырууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Шаар келечекте соода, өндүрүш жана транспорттук байланыштардын ири борборлорунун бирине айланып, бүтүндөй Жалал-Абад облусунун жана жалпы түштүк аймагынын экономикалык өсүшүнө түрткү берүүгө тийиш.

«Биз күчтүү мамлекетти бекем үй-бүлөлөр аркылуу курабыз», – деди Адылбек Касымалиев.
Жыйынтыгында минкаб төрагасы жаңы конуш ээлерин куттуктап, жаңы батирлер үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун тиреги болоруна ишеним билдирди.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусунда 16 объект онлайн форматта ачылды. Алардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу, жаңы мектептер, Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Базар-Коргондогу кыш заводу, Ноокен жана Сузак райондорундагы спорт жана маданият жайлары, Манас шаарындагы 600 батирлүү «Асман-8» жана Сузактагы 312 батирлүү «Асман-14» турак жайлары бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз