Мальта бийлиги Open Arms куткаруу кемесиндеги мигранттарды кабыл алуудан баш тартты. Испан бейѳкмѳт уюмуна таандык болгон кемеда 121 адам бар. Алардын баары Ливия жээгинен.
Куткаруу миссиясынын жетекчиси Анабель Монтес азырынча эмне кылаарды билбесин кабарлаган.
Open Arms куткаруу миссиясынын жетекчиси Анабель Монтес : “Мальта бизди кабыл алуудан баш тартты. Биз эки жолу сурандык, алар эки жолу тең “жок” дешти. Мальта бизди кабыл албашы ачык айкын. Учурда Италия суранычыбызга жооп берген жок. Бийлик баш тарткан жок жана колдогон да жок. Биз алардан портко кирүүнү сурандык. Себеби ал жер коопсуз. Акырындап куткарылган адамдарга, команда үчүн камсыздалган тамак аш түгѳнүп бара жатат. Ошондой эле, кемедеги адамдардын психологиялык абалына кооптонудабыз. Эртенки күнү эмне болоорун билбегени, маселенин чечилбегени күндѳн-күнгѳ алардын алабын оорлотууда. Ошондуктан бизге тез арада кеме токтоочу жай керек. Мүмкүн болушунча тез аранын ичинде кемедеги адамдарга коопсуздукту камсыздандырышыбыз керек”.- дейт.
Деңиз жээгинде мигранттады, куткарылгандарды кабыл алууда, ар бир жагдайга ѳзүнчѳ чечим чыгарылат. Адатта, порттордо ЕБ башка өлкөлөр кабыл алууга жана аларды жайгаштырууга макул болгондон кийин кемеге токтоп жайгашууга уруксат берилет. Азыркы учурда Жер ортолук деңизде мыйзамсыз мигранттардын куткаруу менен алектенген бир нече өкмөттүк эмес уюмдардын кемелери жайгашкан.