Бүгүнкү күндѳ Тажикистанда жалпы 1,8 млрд доллар суммасында энергетика тармагындагы бир катар долбоорлор ишке ашууда. Маалымат булактарында кабарлангандай, бул долбоор республиканын энергетика тутумун калыбына келтирүү жана электр энергиясын экспорттоо үчүн керектүү шарт түзүүгѳ багытталган.
Маалыматка ылайык, бул ГЭС, көмөкчордондордун жана электр берүү линияларын калыбына келтирүү. Бул иштердин негизги бөлүгү инвестициялык каражаттардын башкача айтканда гранттык жана кредиттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле, энергетика тармагындагы иштеп жаткан электрстанцияларын калыбына келтирүү боюнча долбоор, чоң салымдарды талап кылаарын ырасташат. Учурда болжол менен 900 млн долларлык долбоорлор даяр болуп калды.
Азыркы учурда кээ бир ири ГЭСинин ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо булактары аныкталды. Андан тышкары, эки этапта 700 млн $ тартуу менен Нурек гидро-электр ишканасынын өркүндөтүү боюнча долбоорунун ишке ашырылат. Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу ушул жылы баштаган.
Ошондой эле, ѳлкѳдѳ энергетика тармагында 2 млрд долларлык долбоорлор ишке ашканын кабарлашты. Орто жана чакан ГЭСтер курулуп, электр берүү линияларын жана бир катар көмөкчордондордун иштѳѳсү жогорулатылды.