ИКУга мүчө өлкөлөрдүн дипломаттары ифтарда жолугушту

0

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Анкарада өткөрүлгөн ифтар программасында Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн элчилери, ошондой эле Түркиядагы ИКУ мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушту.

Дипломатиялык булактардын маалыматына караганда, ифтар программасы шаршемби күнү борбор калаадагы мейманканада өттү.

Фидан социалдык медиадагы билдирүүсүндө: «ИКУ гуманитардык жана саясий кризистерге карата Ислам дүйнөсүнүн биргелешип иш-аракет кылуусун камсыздап, дүйнөлүк масштабда адилеттүүлүктү орнотууда барган сайын натыйжалуу роль ойноп жатат», — деди.

Фидан ошондой эле Түркия ИКУнун Тышкы иштер министрлери кеңешинин төрагасы катары уюмдун иш-аракеттерине салым кошо берерин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз